Биз менен байланышыңыз

Жапаров жол киренин көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 401 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Президент Садыр Жапаров «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча өз пикирин билдирди.

Жапаров жол кире калк үчүн өтө жогору болбошу керектигин, эл тарифтин айынан кыйналбашы керектигин белгиледи.

«Бишкекте коомдук транспортторго жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир да завод-фабрика курулбаганын түшүнүшүбүз керек», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы жол кирени өзгөртө турганын карап жаткан шаардын мэриясы пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктерди түзүшү зарылдыгын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 27-апрелде Бишкек шаардык мэриясы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Анда жол кире акысын жогорулатуунун үч варианты: биринчиси, баарын ошол бойдон калтыруу; экинчиси, муниципалдык-коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке фирмалык ташуучулар классындагы автобустарда жол акынын баасын 15 сомго көтөрүү; үчүнчү вариант —  автобустар үчүн – 15 сом, троллейбустар үчүн – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары үчүн – 19 сом кылуу сунушталды.

Copyright © 2017 Maral FM