Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 514 | 0

Каржы полициясынын генерал-майору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүүгө арыз жазганын кабарлады.

Ал бүгүн, 28-апрелде Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүүгө арыз жазган. Жапыкеев ага карата эч кандай кысым болбогонун, кызматтан ден соолугуна көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кетип жатканын айтты. Ошондой эле оппозицияга барууну көздөбөй турганын, себеби саясатчы эмес экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев өткөн жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми аталган кызматтан ушул жылдын 5-мартында кеткен. Ошол эле күнү аталган кызмат да жоюлган. Жапыкеевге кызматтагы жетишкендиктери үчүн генерал-майор аскердик чини да ыйгарылган.

Ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп үстүбүздөгү жылдын 30-мартында дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM