Биз менен байланышыңыз

«Энергетикага 1 млрд доллар сарпталды, бирок майнап чыккан жок»

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 339 | 0

Бүгүн, 28-апрелде энергетика тармагындагы учурдагы кырдаал, тармакты реформалоо жана орто мөөнөттүү тарифтик саясаттагы сунушталган тарифтер боюнча тегерек стол өтүүдө.

Анда Кыргызстандын эмгек сиңирген энергетиги Калый Рахимов энергетика тармагына көптөн бери көңүл бурулуп келгени менен жыйынтыгы жоктугун айтты.

«Акыркы жылдары көз карандысыздыкка өтө эле көп көңүл бурулуп жатат. Буга биз 1 миллиард доллар сарптадык, бирок акыры, бүгүнкү күндө электр энергиясынын жетишсиздиги менен жашап жатабыз», — деди Рахимов.

Анын айтымында, акыркы 30 жылда энергетика тутумунда дээрлик өнүгүү болгон жок. Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтери гана курулуп, Камбар-Ата-2де жана Бишкектеги Жылуулук электр станциясында бир агрегат ишке киргизилген. Бирок бул Совет мезгилинде жүргүзүлүп келген иштин уландысы.

«Олуттуу өсүш болгон жок. Эгерде коңшуларды салыштыра турган болсок, анда Өзбекстан менен Казакстанда энергетикалык тутумдун кубаттуулугу 40-50 пайызга жогорулаган. Өнүгүүгө көңүл бурушубуз керек, интеграциялоо керек. Биз өз ара байланышкан электр тутумунан пайда алышыбыз керек. Буга кошуналар да кызыкдар», — деди Калый Рахимов.

«Эми, албетте, тарифтердин көтөрүлүшү менен киреше көбөйөт. Бирок система ушундай, алар бардыгын жети компанияга бөлүп, акча таратышат. Эгер бул улана берсе, анда өнүгүү болбойт. Мен чакан энергияны өз алдынча өнүктүрүүнү сунуштадым, бирок акча жок деп жооп берди. Жөнөкөй жана ыңгайлуу жооп. Энергетика тармагында миллиарддаган акчалар айланып жатса да, чакан ГЭСтерди курууга каражат бөлүүнү чечкен эч ким жок», — деп сөзүн жыйынтыктады Рахимов.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу үчүн электр энергиясына болгон тарифти жогорулатууну сунуштаган. Жаңы тарифтик саясаттын долбоорунда жакыр үй-бүлөлөр жана катаал шартта жашагандар үчүн жеңил тарифтер сакталат. Калган катмарлар үчүн тариф кымбаттайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM