Биз менен байланышыңыз

Абал кооптуу. Бишкекте кошумча стационарлар ачылат

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 458 | 0

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, дары-дармек, медициналык жабдуулар, дарыгерлердин саны, ооруканаларда COVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн кошумча орундарды жана стационарларды ачуу маселелери талкууланды.

«Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар көбөйүүдө. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Күнүнө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 400гө жеткен учурга кабылдык», – деди Новиков.

Бишкек шаарында абал кооптуу болуп бара жаткандыктан, келерки жумада кошумча стационарларды ачып, дарыгерлердин мобилдик тобун көбөйтүү каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM