Биз менен байланышыңыз

Терезеге кыпчылып калган адам куткарылды

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 457 | 0

Куткаруучулар терезенин темир торуна кыпчылып калган жаранды чыгарып алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 27-апрелде Бишкектин Улан-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирдин терезесине капталган темир торго 55 жаштагы Д.Ч. аттуу эркек адам кыпчылып калган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган жаранды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жарандын абалы жакшы, медициналык жардамга муктаждыгы жок.

Окуянын чоо-жайын ИИМдин кызматкерлери иликтеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM