Connect with us

НДПК партиясы кайрадан митингге чыкты

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 390 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын (КЭДП) шайлоодон четтетүү отуруму өтүп жатат. Мындан улам КЭДПны жактаган топ соттук мекеменин алдына митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясында 30дай адам бар. Чогулгандар БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.

«Биз соттон БШКнын КЭДПны шайлоо жарышынан четтетүү чечимин жокко чыгарууну талап кылабыз. Бул чечим мыйзамсыз. Партия тарабынан эч кандай негиздүү, далилденген мыйзам бузуулар болгон жок. Ошондуктан биз шайлоочу катары акыйкаттыкты орнотуу талабы менен чыктык. Бул БШКнын мыйзамсыздыгы», — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Эске салсак, 24-апрелде БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын КЭДПнын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана партияга берилген добуштар менен бюллетендерди жараксыз деп табуу чечимин колдогон.

Буга чейин, Бишкек шаарынын АШКсы КЭДПны шайлоо күнү үгүт жүргүзгөнү, шайлоочуларга пара бергени жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузганы үчүн мандат алуу укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, Ошко төрт партия өткөн.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2-майга чейин чыгарылышы керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM