Биз менен байланышыңыз

Дене тарбия, спорт агенттигине жаңы орун басар дайындалды

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 352 | 0

Союзбек Надырбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Надырбеков Союзбек Надырбекович 1990-жылдын 16-сентябрында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

Билими:

  • 2008-2009-жылдары — Кыргыз-Түрк «Манас» университети — эстрадалык вокал;
  • 2009-2013-жылдары — Бишкек гуманитардык университети — чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер (корей);
  • 2009-2012-жылдары — Чунг-Анг Университети (Корея Республикасы) — ички жана тышкы саясат;
  • 2015-2017-жылдары — Президентке караштуу Башкаруу академиясы — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу («Магистр» академиялык даражасы);
  • 2017-жылдан азыркы учурга чейин — Президентке караштуу Башкаруу академиясы — саясий институттар (аспирантура).

Эмгек жолу:

  • 2013-2015-жылдары — «Лидер» жаштар клубунун төрагасы;
  • 2013-2015-жылдары — «KGM» (учурда «Luna travel») туристтик компаниясынын башкы менеджери;
  • 2015-2017-жылдары — «Asia Children Charity International» эл аралык уюмунун аткаруучу директору;
  • 2016-2017-жылдары — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн жаштар иштери боюнча кеңешчиси;
  • 2017-2018-жылдар — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананын — катчылыктын адиси;
  • 2018-2019-жылдар — Падыша Абдул-Азиз атындагы Төө фестивалынын координатору — Nomad Universe (Сауд Арабиясы);
  • 2020-2021-жылдар — «Республика — Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын консультанты, Жогорку Кеңеш;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM