Биз менен байланышыңыз

Бексултан Жакиевдин байбичесинин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 1085 | 0

Кыргыз Эл баатыры, драматург, маркум Бексултан Жакиевдин байбичеси Сабира Турсункулова 84 жашында кечээ, 27-апрелде көз жумду.

Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 28-апрелде саат 09:00дө Токтогул-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө болот. Маркумдун сөөгү саат 10:00дө «Ала-Арча» көрүстөнүнө жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Сабира Турсункулова 1937-жылдын 10-мартында Талас районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Эмгек жолун 1961-жылы Маданият министрлигинин экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Өмүрүнүн 55 жылын Маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981-жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы ыйгарылган.

Маркум Бексултан Жакиев менен 65 жыл өмүр сүрүп, үч баланы тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду. Бексултан Жакиев мындан 3 күн мурун, тагыраагы, 25-апрелде каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM