Биз менен байланышыңыз

Жапаров бала асырап алуу боюнча маселелерди укту

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 354 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна барды.

Адистештирилген борбордун директору Чолпон Арыкбаеванын маалыматына караганда, буга чейин борбордо 100гө жакын бала болгон. Асырап алуу процедураларын жөнөкөйлөтүүнүн натыйжасында балдардын саны кыскарган.

Учурда борбордо 24 бала тарбияланууда, мындан тышкары жалпы өлкө аймактарынан келген ден соолугунун жетилишинде өзгөчөлүктөрү бар жүзгө жакын бала калыбына келтирүү курстарынан өтүп жатышат.

Потенциалдуу бала асырап алуучулар үчүн документтерди чогултуу процесси аймактык бөлүмдүн кызматкерлери аркылуу жүргүзүлөт. Алар «Түндүк» мекемелер аралык электрондук байланыш тутуму аркылуу тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардан маалымат чогултушат.

Борбордун кызматкерлери Президенттен турак жай менен камсыздоо маселесин карап чыгууну суранышты. Ал жакынкы айларда бардык категориядагы жарандарга ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу жаатында чаралар көрүлөрүн айтты.

Ошондой эле бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди.

Жапаров аталган мекеменин директоруна балдарды ташуу үчүн унаа сатып алууга 700 миң сомдук сертификат тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM