Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасы расмий тастыктоодон өтүп, көк белги алды.
Учурда Жапаровдун Фейсбукта жана Инстаграмда расмий баракчалары бар.
Буга чейин Жапаровдун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жазылган посттор, комментарийлер көп талкуу жараткан. Депутат Дастан Бекешевге ушул аккаунт аркылуу кемсинткен сөздөр жазылган. Кийин Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Facebook аккаунтуна хакердик чабуул жасалганын айткан.
Садыр Жапаров социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экенин айтып келет.