Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Усеин Касмалиев 39 жашында коронавирус илдетинен каза болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Усеин Касмалиев 1981-жылы 18-ноябрда Нарын шаарында төрөлгөн.
Ал жер тилкелерин сатуу боюнча жетектөөчү адис, Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы жана консультанты, Өкмөткө караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары кызматтарын аркалаган.
Артында үй-бүлөсү жана төрт баласы калды.
Талант
28.04.2021 09:03
Арты кайрылуу болсун аллахым бейиштен орун берсин мыкты жигит болчу