Бишкекте 28-апрелде саат 9:00дөн 16:00гө чейин эки троллейбустук линиянын электр жабдуулары өчүрүлөт.
Буга байланыштуу шаардагы №8 жана №9 троллейбус каттамга убактылуу чыкпайт.
Мэрия оңдоо иштери бүткөндөн кийин жогоруда айтылган троллейбустар кечки саат 22.00гө чейин каттай берерин кабарлады.