Биз менен байланышыңыз

Май айында 2 млн 600 миң доза вакцина алып келинет

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 629 | 1

Кыргызстанга май айында COVAX программасынын алкагында 2 миллион 600 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Май айында «AstraZeneca» (Улуу Британия) жана «Спутник V» (Орусия) вакцинасы алып келинет.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Учурда кыргызстандыктар Кытайдын «Sinopharm» вакцинасын алууда. Ошондой эле  «Спутник V» да берилип баштады.

Эмдөө алгандар негизинен медицина кызматкерлери, мугалимдер, 65 жаштан жогору курактагылар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

1 пикир

1 пикир

  1. Минавар

    28.04.2021 15:39

    Мектеп мугалимдерине бериле баштаптыр.Орто жана жогорку окуу жайда иштегендерге да берилеби

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM