Бишкектеги мектеп окуучулары арасында 70 бала коронавирус менен ооруп жатат. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева кабарлады.
Мындан тышкары, 31 мугалим да COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Мындан улам 14 мектеп карантинге жабылган.
26-апрелден тарта төрт мектепте окуу процесси кадимки режимде башталды, дагы 5 мектеп онлайн окутууга өттү.
29-апрелде бир мектепти ачуу каралып жатат, 4-майдан тарта 8 мектепти ачуу пландалган.
Ошондой эле 2 бала бакчада беш кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыктан карантинге жабылган.