Өкмөт башчы Улукбек Марипов майып баласын тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Марипов Сонунбү Сатарованын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам мектепке бара электигин айтат. Ал бул маселе чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала турганын маалымдаган.
«Ыйык Рамазан айында Сонунбү Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар өткөрдүм. Үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, аларга ден соолук, күч-кубат жана узак өмүр кааладым», — дейт Марипов.