Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Казино — арак менен чочко этинен адалыраак болсо керек

Кыска кабар | 27 Апр 2021 | 636 | 0

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде «Пирамида» телеканалына маек куруп жатып, Кыргызстанда кумаркана ачуу тууралуу оюн билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин кумаркана ачууга каршы чыккан депутаттарын сындады.

«Рамазан айында казинолорду ачуу боюнча мыйзам өтүп жатат, бул арам деп айтылгандар — жөн эле сөз. Мисалы, арак сатып атпайсыңарбы, жарандарыбыз баары эле сатып атат да эми, биз андан салык алып жатабыз. Бул арам эмеспи? Акциз салыгын алып жатабыз. Чочколордун этин саткандан салык алып жатабыз, бул да арам эмеспи? Эми казино аларга караганда адалыраак болушу керек. Мен аалым эмесмин, молдо эмесмин. Бирок биз казинодон да салык алышыбыз керек. Бюджетке миллиарддаган акча түшөт», — деди президент.

Жогорку Кеңеш 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында туристтер үчүн гана кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Добуш берүү эл өкүлдөрү арасында талкуу жаратты.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

Садыр Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM