Биз менен байланышыңыз

Президенттин коомдук пикирди эске албаган артыкчылыктуу планы

Саясат | 27 Апр 2021 | 1854 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарына кумаркана ачууну колдойт. Муну ал экономиканы көтөрүүнүн бир аракети катары баалайт. Буга чейин Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында туристтер үчүн гана кумаркана ачуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн. Добуш берүү эл өкүлдөрү арасында талкуу жаратып, көпчүлүк депутаттар мыйзамдын аталышынан адашып, «макул» болушканын айтып чыккан. Президенттин кумарканалардын бардык облус борборуна ачуу сунушу коомчулукта кайрадан кызуу талкууга алынды. 

«Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзамдын долбоору депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков тарабынан демилгелеген. Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделип, өлкөнүн башка аймактарында мыйзам долбоору иштебей турганы айтылган болчу.

Бирок президент Садыр Жапаров 26-апрелде жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Кыргызстандын бардык аймагында кумаркана ачууну сунуштап жатканын билдирди.

«Азыр «Ысык-Көлдө, анан Баткенде эле болсун», — деп эки жерди көрсөткөн экен. Мен аппаратка айтып жатам, депутаттарга сунуш киргизип, кошумча кылгыла деп жатам бардык жакта ачууга. Бишкекте да, облустардын борборунда да. Кептин ачыгын айтыш керек. Бизде казино 2015-жылга чейин эле иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойногонго акысы бар болчу. Жаш балдар барып, автомат ойноп, күнү-түнү дебей, акчасын уттуруп, ушундай мезгилдер болгон. Бирок ошону шылтоо кылып, ошол жылы айрым депутаттар, саясатчылар биригип алып, казинолорду шантаж кылышкан. «Бизге баланча миллион доллар алып келип бергиле, отметка кылгыла, болбосо жаап салабыз», — дешкен. Бирок кумаркана ээлери: «Биз өкмөткө салык төгүп жатпайбызбы, бербейбиз», — дегенде бир абзац мыйзам менен жаап салышкан. Мен азыр: «Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт дегенди мыйзамга киргизгиле», — деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат», — дейт Жапаров.

Долбоордун максаты өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү экенин президент да белгиледи. Бирок коомчулукта кумарканалардын арам экени, андан түшкөн каражат да адал болбой турганы талкуулардын негизин түзүүдө. Президент маегинде казинону аракка салыштырмалуу «адалыраак» деп баалаган. Буга карата социалдык тармактын колдонуучулары «Президенттин казино боюнча айткан пикири өлкө башчынын деңгээлине тура келбейт», «бюджетти толтура турган рычагдар башка» деген пикирлерин билдиришүүдө.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов президенттин казинону аймактарга ачуу боюнча билдирүүсүн президенттин экономикалык жана антикризистик программасынын жоктугунун далили деп эсептейт.

«Президент биринчиден, президент экенин унутуп калды. Экинчиден, эл ишенип мамлекетти жана мамлекеттин тагдырын колуна тапшырганда Конституцияда жазылган ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти. Президент демилгелеп сунуштай турган долбоор казино эмес. Экономиканы, бюджетти толтура турган булактар башка. Демек, кечээ казинону колдоп, «бир гана Көлдө, Баткенде эмес, бардык облустарда ачуу керек» деген оюн айтуу менен Жапаров бүгүн экономикалык жана антикризистик программасы такыр жок экенин дагы бир жолу далилдеп көргөздү. Биз буга чейин экономиканы көтөрүү, бюджетти толтуруу боюнча программасы жок деп айтып келгенбиз. Мына ага далил болду. Бул бүгүнкү күнү өзү сот, өзү прокурор, өзү тергөөчү, өзү чек арачы, өзү аалым болуп алды. Садыр Жапаров өзүнүн ким экенин билбей калды». 

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков учурда Кыргызстан тарыхта болуп көрбөгөндөй оор социалдык-экономикалык кризиске кептелип турган учурда, бюджетке акча түшүрүүнүн ар кандай жолдорун ойлоо керектигин айтып, бийликтин казино ачуу саясатын колдой турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарына да уруксат берип, белгилүү бир жашка чейинкилерге чектөө киргизүү керек.

«Мен башынан эле казинолордун жабылышына депутат катарында, саясатчы катарында каршы болчумун. Азыр да ачуу керек деп ойлойм. Анткени казинодон жылына 1,5-2 млрд сом салык түшчү. Ошол убактагы болжолдуу киреше ушунча болгон. Экинчиси, биз казинолор аркылуу инфратүзүм жаратабыз.  Мейманкана, ресторандар пайда болот. Алардын арты менен сөзсүз түрдө жумушчу орундар пайда болот. Биз үчүн жумушчу орундар өтө маанилүү. Ошондуктан мен азыркы бийликтин казино ачуу идеясын колдойм». 

Ошодой эле ал кумар оюндарын ойноп-ойнобогонун ар бир жаран өзү чече турганын айтып, ойногусу келген кыргызстандыктар башка өлкөгө барып ойноп жатканын кошумчалады.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бири Бактыбек Турусбековдун эсеби боюнча, бюджетке жылына эң аз дегенде казинолордон 600 млн сом түшүп турат. Аталган сумма 2012-жылы мыйзам жокко чыкканга чейинки бюджетке түшкөн салыктардын санынан алынган. Ал эми президент Садыр Жапаровдун айтуусу боюнча, казинодон миллиарддаган сомдор келет.

«Казинолор иштеп турган мезгилде деле бюджетти толтуруп, элди жыргаткан эмес» деген пикирин саясатчы Айданбек Акматов билдирди. Анын пикиринде, миллиарддаган сомдор түшөт деген — жалган.

«Казинолор иштеп турган мезгилде деле бюджетти толтуруп, элди жыргаткан эмес. Болгону убагында бюджетке казинодон 500-600 млн сом акча түшкөн. Кечээ күнү президенттин «көптөгөн миллиард сомдон кур калдык» дегенине мен түшүнбөй турам. Жомокто Жейренче чечендин Төлөнмырза деген жалганчы уулу болгон, бир кийик ала албай, он кийик аттым дегендей эле оюна келген жалганды айтып, шыпырта берген. Бул да ошондой болуп калды. Бул — жалган».

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт. «Kyrgyz Concept» ишканасынын негиздөөчүсү, мурдагы Экономика министри Эмил Уметалиев туризм менен казинону өтө көп аралаштырбоону сунуштайт. Анын айтымында, ар бир туристтин келүү максаты ар түрдүү болгондуктан, баарын бирдей көрүү жаңылыштык болуп калышы мүмкүн.

«Туристтерди күтүү үчүн таза аба, таза суу, таза жемиш, оокаттарды, анан коопсуздукту ойлонушубуз керек. Эгерде ар бир кыргыз жаранына, ар бир Кыргызстанда жашаган адамга коопсуздук кепилдиги берилген болсо, ошонун артынан туристтер дагы көбөйөт. Ал жердеги талаш-тартышка кабылган долбоор туристтердин көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн, бирок негизгиси эмес. Мен ага басым жасабайт элем». 

Кыргызстанга эң көп коңшу өлкөлөрдөн жайкы сезонго Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан туристтер келет. Мындан сырткары Кыргызстанды таануу үчүн Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан туристтер көп келери айтылып жүрөт.

Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Дамир уулу «казино ачылса эле туристтер келе калат» деген түшүнүктөн алыс болууга чакырат.

«Туризм өзү — өтө кылдаттык менен иш кыла турган тармак. Анткени, бул — адамдардын ички дүйнөсү. Анан туристтин баары эле казинону жакшы көрө бербейт. Кыргызстан негизи экотуризмдеги позицияга өтүп жатабыз да. Туристтер тоо-ташты, биздин маданиятыбызды, тарыхый имараттарды, негизиси, биздин жашоо-турмушубузду көргөнү келишет. Балким казино деле иштеп кетиши мүмкүн. Себеби келген туристтерге башка эс алууга, убакыт өткөрүүгө кызыктыруучу нерселерди сунуштай албай жатабыз. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек, кыргыз жарандарын таптакыр киргизбөө боюнча. Ошол кесепеттерин баарын акылдашып, билген адамдар менен талкуулап, анан чыгарса туура эле болот го деп ойлойм. Туристтер негизинен келет Кыргызстанга, бирок дал ошол казино үчүн келеби, аны айтуу өтө кыйын маселе. Балким келет, балким келбейт». 

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына чет элдиктер үчүн кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Ошондой эле мыйзамда казино ойнойм деген чет өлкөлүк туристтерге визасыз режим киргизиле турганы каралган.

Copyright © 2017 Maral FM