«Бугу-эне» коомдук фондуна тиешелүү 5 эликти Кыргызстандан Өзбекстанга чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча инспекция кабарлады.
22-апрелде Баткен облусунун «Кадамжай» чек ара постунан Dama dama породасындагы 5 Европа элигин «Тойота Превия» автоунаасы менен Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарып бараткан жеринен У. Курбанов аттуу жаран кармалган.
«Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти С. Сеитованын түшүнүк катына таянып айтсак, Европа эликтери 2012-жылы Каракол шаарындагы «Бугу-эне» зоопаркына Казакстандан алынып келинген. Туяктуулардын биологиялык карталары кечирээк көрсөтүлөрү айтылган.
2021-жылдын 12-апрелинде эликтерди чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран аталган фонд менен алмашуу келишимин түзгөн. 5 Европа элиги У. Курбановго берилип, ордуна Африка төө куштары, тоо эчкилер, Розелла (Platycercus) породасындагы тоту куштарды «Бугу-эне» коомдук фонду алган. Мындагы максат жандыктардын санын көбөйтүү болгон.
Учурда тараптардын ишинин мыйзамдулуугун аныктоо боюнча Кадамжай РИИБи иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Кармалган Европа эликтерин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Баткен облусу боюнча Биотүрдүлүктү коргоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментине иликтөө иштери аяктаганча жоопту сактоого өткөрүлүп берилди.