Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустун көрсөткүчү жогорку чектен ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 629 | 0

Индиянын аймагында бир суткада 346 миң 786 адам коронавирус менен катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, мындай көрсөкүчтөр менен Индияда 3 күн катары менен суткалык дүйнөлүк рекорд жаңыланып жатат.

«Reuters» жарыялаган маалымат боюнча, борбор шаар Делиде ар бир төртүнчү мүнөттө COVID-19 дартынын кесепетинен 1 адам көз жумуп жатат. Өкмөт өлкөнүн алыскы аймактарынан жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана башка зарыл болгон жабдыктарды Делиге жеткирүү үчүн аскердик учак, темир жол транспортун да жардамга чыгарды. Башка шаарларда да таңкыстыктар бар.

Индияда бир суткада COVID-19 дартынын кесепетинен көз жумгандардын саны 2 миң 624 адамга жетип, өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болду.

Индияда учурда жалпы 16,6 млн адамдан коронавирус тастыкталган. Алардын ичинен 189 544 бейтап көз жумду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM