Биз менен байланышыңыз

Ташиев: «Дубайда батири бар» деген маалымат туура эмес

Кыска кабар | 26 Апр 2021 | 485 | 0

25-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунда жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда Кемпир-Абад суу сактагычы жана ага чектеш жерлер эч кимге берилбей турганын ачык жарыялады. Буга чейин Өзгөн районунун Кызыл Октябрь айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы беш күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүп жатышкан.

Ошол эле учурда, чогулган адамдардын көптөгөн суроолоруна жооп берип жатып, Ташиев жакында эле чыккан имиштерге байланыштуу, тактап айтсак, «Ташиев Бириккен Араб Эмираттарынан, Дубайдан миллиондогон АКШ долларына батир сатып алды» деген маалыматка түшүндүрмө берди.

«Мен жөнүндө «Дубайдан бир нече миллион долларга үй сатып алды» деген жалган маалымат таркатып жатышат. Сиздерге айткым келип жатат. Ооба, жакында үй сатып алдык. Орозо башталгандан 3-4 күндөн кийин, Испанияда футболдук клубда жүргөн менин 15 жаштагы балам мага чалып: «Томас (Таймурас) сага келе жатат, сен ага жардам бере аласыңбы?» — деди. Мен бир аз тынчсыздандым, «Эмне болушу мүмкүн?» — деп.  Эки сааттан кийин уулум Таймурас өз алдынча келди. Аны менен отуруп сүйлөшкөндө, акча табуу үчүн көп балалуу үй-бүлө Орусияга кетип калганын эстедик. Ошол жакта аларда үч эм төрөлүп, бирок дале үйсүз калышкан экен. Ошентип Таймурас бул сүйлөшүүнү эсиме салып, «Мен акча чогултуп, ушул чоң үй-бүлөгө батир сатып алгым келди, бирок акча жетпей жатат, жардам бере аласызбы?» — деди. Көрсө, менин балдарым ушул үй бүлөнү таап, телефондон сүйлөшүптүр. Андан кийин ал үй-бүлө эгерде өз үйү болсо, Кыргызстанга кайтып келишерин айткан. Таймурас менден: «Ата, ушул үй-бүлөнү Орозо учурунда өз мекенине алып келели», — деп сурады. Мен макул болуп, 2,5 миллион сомго үй сатып алдык. Ал эми мага жана Дубайдагы үйгө карата жалган маалымат тараткандар өз абийиринде калсын», — деди Ташиев Өзгөндөгү жолугушууда.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин өзгөрдү делген пикирлерге жооп берди.

«Биз өзгөрүшүбүз керек болгон учурду баштан кечирдик. Биз акырына чейин эл менен бирге болобуз. Тынчсызданбаңыз. Ар бир ишибиз, ар бир аракетибиз элдин жыргалчылыгы үчүн болот», — деп жооп берди Ташиев.

Copyright © 2017 Maral FM