Биз менен байланышыңыз

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 554 | 0

Бүгүн, 25-апрельде Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, Пашинян Армениянын премьер-министринин мыйзамдарын жана Конституциясында аныкталган милдеттерин толугу менен аткарууну улантат.

«Мен Жарандардын күнүндө кызматтан кетип жатам, бул болсо элден алган бйиликти элге кайтарып берип жатканыбыздын белгиси», — деди ал.

Ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн отставкага кетип жаткандыгын билдирди. Себеби, анын саясий күчү ушул шайлоого катышарын жана премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер катары келерин жарыялады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM