Биз менен байланышыңыз

Иракта ооруканадан өрт чыгып, 80ден ашуун адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 685 | 0

Багдаддагы коронавирус менен ооругандар үчүн жабдылган ооруканадан өрт чыгып, 82 адам каза болду. Бул тууралуу Аль-Хадат телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Багдаддын түштүк-чыгыш тарабындагы Ибн аль-Хатиб ооруканасында өрт 24-апрелде чыккан. Ал кычкылтек баллондорунун сактоочу жайдагы жарылуудан кийин башталган.

Оорукананын кээ бир бейтаптары өрттөн кутулуу үчүн терезелерден секиришкен. Эки кабаттуу имарат дээрлик толугу менен күйүп кеткен.

Өрттөн кийин айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер жана депутаттар Ирактын саламаттыкты сактоо министри Хасан аль-Тамиминин кызматтан кетишин талап кылышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM