Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайындагы жол жарым жартылай 4 күнгө жабылат

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 547 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы кабарлагандай, 26-30-апрель күндөрү Боом капчыгайындагы жол жарым-жартылай жабылат.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Трассаны бойлой темир жол дагы жайгашкан.

Мындай иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо маалында автоунаалар бир тилке менен жүрөт. Жол кыймылын көзөмөлдөө  жоопкерчилиги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыкка жүктөлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM