Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Талас облусунда +2…+7, күндүз +20…+25;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1…+6, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында 26-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +23…+25.