Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербейбиз

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 728 | 0

Бүгүн, 25-апрель УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын борбордук стадионунда эл менен жолугушууда, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын айтты.

Анын айтымында, бул маселе боюнча элдин нааразычылыгы курч болгондуктан, элдин каалоосун четке кага албайт.

«Урматтуу элим, силердин оюңарды мен билип сезип турам. Куршаб элинин, жергесинин ушул каалоосун биз четке кага албайбыз. Биз сиздерге окшогон, сиздер шайлаган, алып келген бийликбиз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы — биз үчүн эң негизги талап. Кемпир-Абадды бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. Кемпир-Абадды азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз,» — деди Ташиев.

Буга чейин, Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынын чашкасын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышып, мөөнөтсүз митинг баштап, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

Эске салсак, буга чейин Ташиев, Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына жергиликтүү калк менен жолуккан. Ал жерде Өзбекстанга бериле турган 50 гектар жерди 20га азайтуу аракетин көрүүгө убада берген.

Copyright © 2017 Maral FM