Биз менен байланышыңыз

Европанын айрым өлкөлөрү карантиндик чараларын күчөтсө, кээ бири жумшартты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 677 | 0

Германияда карантиндик чаралар 300дөн ашуун шаар жана райондордо күчөтүлүп, кечки саат 10дон баштап коменданттык саат күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзам өлкө бийлиги тарабынан шаршемби күнү кабыл алынган. Күчөтүлгөн карантиндик чектөөлөр бери дегенде, июнь айынын аягына чейин күчүндө болот. Берлиндиктер вируска каршы эмдөөлөрдүн жардамы менен кырдаалды көзөмөлгө алууга болоруна үмүт артууда.

«Ойгон жана зулумдуктун жытын сез: өкмөт сага калп айтып жатат!» -, мына ушундай чакырыктар менен, демонстранттар Лондон көчөлөрүнө  чыгышты. Активисттер — беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүгө жана «эмдөө паспортторун» киргизүүгө каршы.

Швейцариянын түндүк-чыгышындагы чакан шаарда да эки миңге жакын адам «карантинге каршы» демонстрацияга чогулушту, бирок конфедерациядагы чектөө чаралары коңшу өлкөгө салыштырмалуу кыйла жумшак. Милиция митингди өткөрүүгө уруксат болбосо дагы, аны таратпоо чечимин кабыл алды.

Ал эми Италияда болсо, кафе жана ресторандар ачылып, кардарларды кабыл алууга  камынууда. Дүйшөмбү күнү алар  былтыркы жайдан берки алгачкы  кардарларын тейлей баштайт. Азырынча ачык абадагы тамактануучу жайлар гана ишин жургүзө алат.

Грецияда болсо, ишемби күнү азык-түлүк эмес дүкөндөр сатып алуучуларга эшигин ачты. Буга чейин онлайн буйуртманын негизинде гана иш жургүзүп келишкен. Эми дүкөндөр мурункудай салттуу ыкмада сатууга өттү. Мындан тышкары, чачтарачкана жана сулуулук салондору дагы ишин уланта баштады. Грециянын саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер өкмөткө чектөөлөрдү алып салууну сунуштаган.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM