Биз менен байланышыңыз

К.Ташиев Өзгөн эли менен «Кемпир-Абаддын» тагдыры тууралуу сүйлөштү

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 452 | 0

Бүгүн, 25-апрель УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын борбордук стадионунда эл менен жолугушуу өткөрүүдө.

Буга чейин, Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары «Кемпир-Абад» суу сактагычынын чашкасын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышып, мөөнөтсүз митинг баштап, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

Камчыбек Ташиев бүгүн элге кайрылып, Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Өзгөнгө келгендигин айтты.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстан менен Кыргызстан, эки өлкө мыйзамдын чегинде бирге колдонорун жана суу сактагычынын башкаруу жагын эки мамлекет менен бирге жургүзөрүн кошумчалады. Мындай протоколго Ташкент шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кол коюлган.

Ташиев мындан сырткары, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 10-майдан кийин Өзбекстандын делегациясы Кыргызстанга келерин билдирди.

Эске салсак, буга чейин Ташиев, Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылына жергиликтүү калк менен жолуккан. Ал жерде Өзбекстанга бериле турган 50 гектар жерди 20га азайтуу аракетин көрүүгө убада берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM