Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 16 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 451 | 0

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 587 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 7си экинчи ирет эмдөөдөн өтүштү. Жалпы республика боюнча 16 миң 653 адам эмдөөдөн өткөрүлдү, анын ичинен 389 адам экинчи жолу эмделди. Бул тууралуу республикалык штабтан кабарлашты.

Вакцина алгандардын аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаарында – 1 миң 917 (акыркы суткада– 88, экинчи ирет эмделген — 1)
Ош шаарында – 1 миң 501
Чүй облусунда– 2 миң 71 (сутка ичинде– 245, экинчи ирет — 6)

Ош облусунда — 4 миң 621 (бир суткада – 62)
Ысык-Көл облусунда — 1 миң 371  (акыркы суткада – 19)
Нарын облусунда — 723 (акыркы суткада– 44)
Жалал-Абад облусунда — 2 миң 888 (акыркы суткада – 89)
Баткен облусунда — 905 (акыркы суткада – 7)

Талас облусунда — 656 (акыркы суткада — 33)

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдын «SinoPharm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Аны менен 75 миң адам эмделет. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM