Биз менен байланышыңыз

COVID19: 4 адам каза болуп, дагы 228 адамга жукту

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 360 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 149, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 5 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 186 адам коронавирустан айыгып чыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 441 бейтап, амбулатордук түрдө 1 768 адам дарыланууда. 1013 бейтаптын абалы орто оордукта, 354 адамдын абалы оор жана 63 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5  медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 400 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 310 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 006 киши айыгып чыкса, 1 миң 582 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM