Биз менен байланышыңыз

Бакай Кашкарбаев министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 1590 | 0

Активист Бакай Кашкарбаев Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Маралга» аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, Кашкарбаев расмий түрдө дүйшөмбү күнү, 26-апрелде иштей баштайт.

Буга чейин, Кашкарбаев Садыр Жапаровдун колдоочусу катары да белгилүү болуп келген. Социалдык тармактарда активисттин  президенттен ыйлап, ага кеңешчи болуп дайындалышын суранган видеосу тараган.

Эске салсак, ушул жылдын январь айынын ортосунда Башкы прокуратура Бакай Кашкарбаевге кылмыш ишин козгогон.

15-17-ноябрь күндөрү Фейсбук социалдык тармагында активист өз баракчасына мамлекеттик кызматкерди коркутуп-үркүтүү менен видео жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM