Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко бешинчи жолку чемпиондук курун коргоду

Кыска кабар , Спорт | 25 Апр 2021 | 2040 | 0

Бүгүн, 25-апрелде UFC 261 номерлүү турнир болду. Анда жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Валентина Шевченко менен мурунку бразилиялык чемпион Жессика Андраде менен күрөштү. Кезектеги беттеште Шевченко жеңишке ээ болду.

Муну менен Валентина Шевченко чемпиондук курун бешинчи жолу коргой алды.

Алгачкы жолу Шевченко 2018-жылдын декабрь айында Йоанна Еджейчикти жеңип, чемпиондук наамга ээ болгон. Спортчу айым — Жессика Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян жана Женнифер Майяга каршы күрөштө төрт жолу чемпиондук курун ийгиликтүү коргогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM