Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев дүйнө салды

Кыска кабар | 25 Апр 2021 | 1285 | 0

Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу драматург, жазуучу жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов — өзүнүн  facebook баракчасына жазды. Жакиевдин акыркы күндөрү ооруп жүргөндүгү айтылууда.

Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 26-апрелде саат 11:00дө Опера жана балет театрында  өтөт.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Жакиев 24 жашында «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен кыргыз совет адабиятында жаш, таланттуу драматург катары  таанылган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиев — «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмаларынын автору. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлуп келет.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат руханиятындагы оозеки мурастардын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

1974 — Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери.

1989 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

1993 — Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалынын ээси.

1994 — Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

1999 — Казакстандын Астана медалы менен сыйланган.

Бексултан Жакиевге эң даражалуу  — Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM