Биз менен байланышыңыз

Окуучу кыз эмнеден көз жумган? Окуянын чоо-жайы

Коом , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 1289 | 0

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда 12 жаштагы окуучу кыздын мектепте эс-учун жоготуп, ооруканага бараткан жолдо каза болгону тууралуу энесинин видеокайрылуусу тарап, коомчулукта резонанс жаратты. Бул ишти териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, бүгүн маалымат жыйын өткөрдү. Чынында, кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү? Мектеп жетекчилердин жана медайымдын шалаакылыгыбы? Окуянын чоо-жайын жана комиссия чыгарган корутундусун алдыда кененирээк баяндап беребиз.  

Быйыл, 11-мартта Бишкекте №87 орто мектептин 5-классынын окуучусу, 12 жаштагы Гүлзейнеп Галбаева ооруканага бара жаткан жолдо каза болгон. Ата-энеси алгач доосу жок экенин билдирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Бирок учурда кыздын апасы мектептин жетекчилигин шалаакылыкка айыптап жатат. Ал кызга биринчи медициналык жардам көрсөтпөгөнү үчүн мектеп директорун, мугалимин жана медайымын жумуштан кетирүүнү талап кылды. Бул ишти териштирүүгө атайын комиссия түзүлдү.

Комиссиянын төрайымы, Свердлов районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Асел Садыкова кыздын апасы окуядан бир ай өткөндөн кийин ар кандай инстанцияларга, анын ичинде прокуратурага, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганын билдирди. Анын айтымында, кыз эс-учун жоготкондо, төрт жолу тез жардам чакырылган. Оорукананын жандандыруу бөлүмү чакырууну кабыл алган, бирок энеси кызды ооруканага өз алдынча жеткирүүнү чечкен.

«Ошол күнү Гүлзейнеп мектепке бир аз кечигип келген. Ал класска киргенде өзүн жаман сезип баштаган. Информатика мугалими кыз жыгылып баратканда көтөрүп ала койгонго жетишкен. Андан кийин мектептин медайымын чакырган. Бирок медайымды күтпөстөн, жашы жете электерди текшерүү өкүлдөрү кызды көтөрүп алып, биринчи кабаттагы медициналык пунктка алып келишип, кызды жасалма дем алдырганга аракет кылышкан. Бирок, кызга аба жетишпей жатканын көрүп, кычкылтек концентраторуна туташтыруу үчүн аны жакынкы фельдшердик станцияга жеткирүүнү чечишкен. Бул маалда тез жардам кызматын да чакырышкан. Ошол кезде кыздын энеси ФАПка келип, тез жардам кызматын күтпөстөн, такси менен оорукананын кардиология бөлүмүндөгү дарылоочу дарыгерине алып кеткен. Жолдо алар МАИнин унаасы менен жолугуп, аларды узатып коюуну өтүнүшкөн. Ошентип, алар ооруканага келүү убактысын кыскартышкан, бирок тилекке каршы, бардыгы биз териштирип жаткан натыйжага алып келген. Дарыгерлер ооруканада жаткан кызды жандандырууга 50 мүнөт аракет кылган, бирок андан эч кандай пайда болгон эмес. Энеси өлүмдүн экспертизасын күтпөстөн, кыздын сөөгүн үйүнө алып кеткен». 

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Болотбек Абдылдаев окуя болгон күнү №87 орто мектептин администрациясы тез жардам кызматын 4 жолу чакырганын ырастады. Анын айтымында, окуучу эсин жоготту делген биринчи чакыруу эртең мененки саат 8:09да түшкөн. Андан кийин экинчи чалуу 8:14тө болгон. Абдылдаев реанимациялык топ мектепке саат 8:17де жиберилгенин айтып, эмнеге тез жардам унаасынын кеч жөнөтүлгөнүнүн себептерине токтолду:

«Бишкекте негизинен, буйрукка ылайык, 10 миң кишиге бир гана тез жардам унаасы каралган. Шаарда болсо миллиондон ашуун адам жашайт. Негизи бизге 120 унаа керек. Бизде 39у гана бар. Алардын үчөө чоңдор үчүн реанимациялык топ болсо, бирөө балдар үчүн ылайыкташтырылган реанимациялык топ. Ошол күнү балдардын реанимация тобу бошобой жаткандыгынан чоңдордун тез жардам унаасы жиберилген. Акыркы чалуу саат 8.20да болгон. Мектептен медайым телефон чалып, энеси тез жардам кызматын күтпөй, кызды ооруканага өзү алып кеткенин айтышты. Ошол учурда бригада Жибек Жолу көчөсүнө келип калган болчу. Эгер алар дагы беш мүнөт күтүшсө, бригада окуя болгон жерге барып калмак», — деди Абдылдаев.

Болжолдо кыз эртең мененки саат 8дерде эс-учун жоготуп, саат 9:20да каза болгон.

Гүлзейнеп Галбаева тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркап келген. №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун педиатрия боюнча орун басары Диляра Искакованын айтымында, кызга 2015-жылы өпкө гипертензиясына жана жүрөк кемтигине байланыштуу артерия каналынын түтүкчөсүн байлоо операциясы жасалган. Бирок, ага карабай кыздын абалы жакшырган эмес, бул жүрөктүн оң карынчасынын гипертрофиясына кошо алып келген. Мындан улам кыздын ата-энесин текшерип көрүүнү чечишкен. Бирок алар мындан баш тартышкан.

«Операция жасалса да, кыздын абалы жакшырган эмес. Бул жүрөктүн оң карынчасынын гипертрофиясына алып келген, натыйжада кыздын ата-энесине текшерүү жүргүзүү сунушталган. Бирок, алар өз кезегинде аталган процедурага карама-каршы болушкан, ошентип баланын абалы начарлап кеткен. Өз кезегинде баланын дарылануу боюнча тарыхында төмөнкү диогноздор жазылган: тубаса жүрөк кемтиги, жогорку өпкө гипертензиясы, оң карынчанын гипертрофиясы, 2-класстагы жүрөк кемтиги, гайморит жана тромбоцитопения. Ошондой эле бала туруктуу негизде текшерүүдөн өтүп турбаганы жазылган. Муну менен бирге кыз 1 жашында гана эмдөөдөн өткөн, андан кийин кыздын энеси эмдөөдөн баш тарткан. Анын жазган арызы да бар». 

Буга чейин кыздын апасы: «Видеокамерага түшкөн жазууларды мектептин администрациясы атайын өчүрүп салган», — деп арызданган. Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын билим берүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүзел Турдубаева бул айыптоолорду четке какты.

«Видео жазуулар чын эле өчүрүлгөнбү же жокпу, билүү үчүн мектепке адис жибергенбиз. Жок, ал жерде эч ким аны атайылап өчүргөн эмес. Мектепте камералар бар, бирок эски типтеги камералар. Алар белгилүү бир убакыттан кийин жаңыланып турууга ылайыкташтырылган, себеби ал жерде эски программа бар. Бардык мектептерде мындай камералар турат, 2-3 жумадан кийин жазуу өчүрүлүп, жаңыртылат». 

Окуянын чоо-жайы боюнча мекемелер аралык комиссия өз жыйынтыгын чыгарды. Бишкек мэриясынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо департаментинин, билим берүү борборунун адистери, юристтерден турган текшерүү тобу №87 орто мектептин жетекчилигинин аракеттери негиздүү деген жыйынтыкка келишкен. Алардын корутундусуна ылайык, мектептин жетекчилиги тарабынан эс-учун жоготкон 5-класстын окуучусуна алгачкы медициналык жардам жетиштүү деңгээлде көрсөтүлгөн.

Ошол эле учурда комиссия Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгына мектеп директорунун шалаакылыгы үчүн тартиптик жоопкерчилигин кароо сунушун берген. Мындан сырткары мектептин тарбия иштери бөлүмүнүн башчысы, социалдык кызматкер жана класс жетекчисин окуучу кыздын социалдык паспортун каттап, маалыматтык базасын жаңыртып турбаганы үчүн жоопко тартууну өтүнүшкөн.

Белгилей кетсек, Гүлзейнеп үй-бүлөдө алты бир туугандын эң кичүүсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM