Бортунда 130га жакын мыйзамсыз иммигранттар болгон үч кеме Жер Ортолук деңизинде дайынсыз жоголду. Болжолдо кемелер чөгүп кеткен болушу мүмкүн. Бул тууралуу «SOS Mediterranee» гуманитардык уюму билдирди.
Уюмга Ливиянын жээгинде кулаган үч кеме жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аларды издөө үчүн «SOS Mediterrane» компаниясынын «Ocean Viking» жана башка үч соода кемеси жөнөтүлгөн. Бирок аба ырайынын начарлыгы жана 6 метр бийиктиктеги толкундар окуя болгон жерге тез жетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
«Бүгүн окуя болгон жерге келгенде, тирүү калгандарды тапкан жокпуз», — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
«SOS Mediterrane» компаниясы ушундай кырдаалда бир дагы жооптуу деңиз уюму жардам көрсөтпөгөнүн билдирди.
Африка жана Жакынкы Чыгыштан келген мыйзамсыз мигранттар Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага качууга аракет кылып келишкен.