Биз менен байланышыңыз

Армения президенти Байденге кайрылуу жолдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2021 | 785 | 0

Армениянын президенти Армен Саркисян АКШ президенти Жо Байденге кат жөнөттү. Саркисян Байденди жаңы геноциддердин алдын алуу боюнча милдеттенмесин дагы бир жолу ырастоого үндөйт. Бул тууралуу Армения лидеринин расмий сайтына жарыяланды.

Армения АКШ Конгрессинин армян элинин геноцидин таануу чечимин кубаттай турганы айтылат. Саркисяндын айтымында, армян геноцидин моюнга алуу адамзатка каршы кылмышты моюнга алуу дегенди билдирет.

Президент жаңы геноциддердин алдын алуу үчүн таануу жана айыптоо сыяктуу ыкмаларды колдонуу зарылдыгын белгиледи.

«Сиз тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу жана жаңы кыргындарды болтурбоо боюнча милдеттенмени дагы бир жолу тастыктай турганыңызга ишенебиз», — деп жазган Саркисян Байденге кайрылуусунда.

Армениянын президенти 24-апрелде 1915-жылдагы окуялардын 106 жылдыгын утурлай, 20дан ашык мамлекеттин жана эл аралык уюмдун жетекчилерине кат жөнөткөнү белгилүү болду.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден ХХ кылымдын башында Осмон империясында армяндардын өлтүрүлүшүн геноцид деп расмий таанууга даяр экенин билдирген.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп «Түркия менен мамилеси начарлап кетет» деген коркуудан улам 1915-жылдагы окуяларды армян геноциди деп таануудан баш тартканы белгилүү.

Маалымат үчүн, 2019-жылдын 12-декабрында АКШ Сенаты армян геноцидин расмий таануу жана эскерүүгө чакырган резолюция кабыл алган. Осмон империясындагы армяндарды тукум курут кылуу фактысын 23 мамлекет тааныган. Түркия адатта бул айыптоолорду четке кагып келген.

1915-жылы 24-апрелде Түркия армяндарга каршы кыргын баштаган, ошол күнү Стамбулдагы армян элитасынын мүчөлөрү колго түшүп өлтүрүлгөн. Кийинки айларда чабуул Армениянын батышында уланып, 1915-жылдын июнь айына чейин созулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, 1915-1923-жылдары 1,5 миллион армян өлтүрүлгөн.

Байден армян геноцидин тааныган билдирүү жасары айтылды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM