Биз менен байланышыңыз

Францияда «Армян геноцидин эскерүү күнү» жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 686 | 0

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 24-апрелди «Осмон империясындагы армяндардын геноцидин эскерүү күнү» деп жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Макрон бул тууралуу Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганды да кабардар кылганын айткан.

«Биздин түрк бийлиги менен ИШИМге каршы күрөшүү, адам укуктары жана сөз эркиндиги маселесиндеги сыяктуу эле армян геноциди маселесинде да кайчы пикирдебиз»,-деди ал.

Ошондой эле француз лидери түрк тарап менен диалог каналдарын ачык тутууну көздөй турганын ачыктады.

Эске салсак, 1895-жылы армян козголоңунан башталган чуудан тарта 1920-жылдар арасында Осмон империясында  болгон кагылышууларда жүз миңдеген армяндар өлгөн. Анда Франция ортомчулук ролду аткарып, чууну тынчтык менен басууга аракет кылган. Бул окуя тууралуу Анкара эки тарап тең жоготууларга учураганын айткан менен, бир катар европалык мамлекеттер аны геноцид деп таанышкан. Арасында Германия, Австрия, Чехия, Швейцария сыяктуу өлкөлөр бар.

Copyright © 2017 Maral FM