Биз менен байланышыңыз

Новиков: Жакында Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасы жеткирилет

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 770 | 0

Орусия Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасын жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Москва шаарында Орусия Өкмөтүнүн төрага орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. Анда Новиков Кыргызстан «Спутник V» вакцинасын расмий каттап, өлкө аймагына алып келүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ал эми Орусия тарап жакын арада Кыргызстан калкы үчүн «Спутник V» вакцинасын жеткирүүгө даяр экенин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Орусия аймагындагы кыргыз мигранттарынын укуктук макамы талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM