Биз менен байланышыңыз

Болот Миңжылкыев атындагы эл аралык опера фестивалы өтөт

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 800 | 0

21-25-апрелде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт.

Салтанат бүгүн, 21-апрелде күнү саат 18:00дө Жузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылат.

Орусия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера жылдыздары, мыкты аткаруучулары катышкан гала-концерт 23-апрелде тартууланат. Анда дүйнөлүк, улуттук опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар жаңырат.

Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин «Князь Игорь» операсы менен аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM