Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарында «Достук» эл аралык фестивалы өтөт

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 834 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Салттуу музыка жумалыгына карата 23-25-апрелде Баткен шаарында «Достук» эл аралык фестивалын өткөрөт.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.

Иш -чара калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшулар менен болгон ынтымакты бекемдеп, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат. Ошондой эле иш-чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, эл достугун, ынтымагын, биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.

Жумалыкка карата төмөнкүдөй программа кабыл алынган:

23-апрелде:

-саат 10:00дө А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш-чара расмий ачылат. Аны менен катар Бишкек шаарында «Коомдун руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт;

-саат 11:00- 17:00 чейин айтуучулук күнү (манасчылык, дастанчылык, акындык багыт) орун алат.

24- апрелде А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында:

-10:00дөн 13:00гө чейин аспапчылык күнү (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);

-14:00дөн 17:30га чейин аваздык- аспапчылык күнү (ашыктык, арман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);

-17:30дан 19:00гө чейин аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек үстөл.

25-апрелде Баткен шаарынын борбордук аянтында:

-09:30дан 10:00гө чейин улуттук кийимдердин парады;

-09:30дан 18:00гө чейин кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси;

Ошондой эле борбордук аянтта өткөн иш-чара «Достук» эл аралык фестивалынын гала-концерти менен коштолот.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги менен өтүп, Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү, «Салттуу музыка» фонду жана Кыргызстан элинин Ассамблеясы биргеликте иш алып барып жатат.

Мындан сырткары, 23-25- апрель күндөрү Маданият министрлигине караштуу балдар музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда «Салттуу музыка» жумалыгына карата ар кандай багыттагы иш- чаралар өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM