Биз менен байланышыңыз

Актан Балбаков Социалдык камсыздоо департаментине директор болду

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 758 | 0

Актан Балбаков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Актан Балбаков 1982-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2010-2012-жылдары Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинде, 2012-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде эмгектенип келген.

Белгилей кетсек, аталган департаменттин буга чейинки директору Нурдөөлөт Базарбаев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган.

Саламаттыкты сактоо министрине жаңы орун басар дайындалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM