Биз менен байланышыңыз

Жаш блогер орозо айында онлайн марафон баштады

Коом , Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 1077 | 0

Рамазан айында Кыргызстанда жыл сайын ар кандай өзгөчө иш-чаралар орун алат. Бул жолку орозо да бир катар саамалыктар менен коштолууда. Алардын катарына жаш блогер Абдулахад Матраимов уюштурган «Рамазан-2021» өнүгүү марафонун да кошууга болот.

Абдулахад Матраимов — медиа чөйрөсүнө жаңы аралашкан жаш блогерлердин бири. Ал быйылкы орозодо онлайн жарыш уюштурду. Мындагы максат: катышуучуларга кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды берүү. Орозонун 2-күнүнөн бери уланып жаткан саамалыктын жеңүүчүлөрүнө атайын белектер да ыйгарылып турат.

«Чет жактан алган билимимди элибиз менен бөлүшсөм деген жакшы ниетте блог баштадым. Бул иштин башталышы Рамазан айына дал келип калды. «Куттуу Рамазан айында эмне кылсак?» — деп ойлонуп отуруп, өнүгүү марафон кылалы деп чечтик», — деди Матраимов.

Иш-чара интернет колдонуучулары тарабынан жакшы кабыл алынууда. Учурда 7 жаштан 70 жашка чейинки ар кандай курактагы, ар кандай кесиптеги катышуучулардын саны беш миңге жетти.

«Марафонду баштаар алдында 50-60 адам катышса дегем, азыр 4-5 миңдей адам катышып жатат. Марафонго 7 жаштан 70 жашка чейин курактагылар катышса болот. Ошондой эле кыргызстандык болуусу шарт эмес, башкысы мусулман болушу керек.  Марафонду Рамазандын биринчи күнүнөн баштайлы деген оюбуз бар болчу. Бирок техникалык себептерден улам экинчи күнүнөн баштап калдык», — дейт ал.

Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу марафондун өткөрүү тартиби онлайн форматта жүрүп жатат. Ютуб-канал, Инстаграм, Фейсбук баракчаларында сахабалардын баяны, дүйнөгө белгилүү адамдардын өмүр-таржымалы, 30 күндө 30 сүннөт үйрөнүү жана амал кылуу, маркетинг сыяктуу бир катар видео сабактар жүктөлөт. Жарыяланган сабактарга жараша сынактар болот. Жеңүүчүлөргө диний багыттагы басылмалар жана «Куран» китеби берилет.

Матраимов келечекте дагы көптөгөн ири долбоорлор менен иштөөнү максат кылат. Пандемиялык кырдаалга байланыштуу азыркы учурда онлайм форматта болсо, кийин офлайн форматка өтүп семинар-тренинг уюштуруу, өткөрүү ниети да бар.

Даярдаган: Элизат Шейшенбек кызы 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM