Биз менен байланышыңыз

Депутат мурдагы Башкы прокурордун кайда экенине кызыкты

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 722 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушевден мурдагы Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун каякта экенин сурады.

Зулушев Жамшитовго бир да иш козголуп, же аны издөө тууралуу маселе болбогондуктан, эл катары эркин жашоодо экенин айтты.

«Эгер ал кишинин кандайдыр бир кылмышка аралашканы тууралуу билсеңиз, ачык айтыңыз, ошого жооп берели. Мен анын кемчилигин байкаган да жокмун, бизде андай маалымат да жок. Ошондуктан каякта жашаганына да кызыккан жокпуз», — дейт Зулушев.

Депутат Рысалиев кимдин кандай иш кылганы баарына маалым экенин, Өткүрбек Жамшитовдун кандай иштегени боюнча айтып бере аларын кошумчалады.

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, ошондой эле Укук тартиби, кылмыш менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине отчет берүүдө.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын 26-апрелинде Кыргызстандын Башкы прокурору болгон. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин 21-октябрда кызматтан алынып, ордуна Курманкул Зулушев дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM