Биз менен байланышыңыз

Кытай вакцинасы: Эмдөөдөн өткөндөрдүн 2%ынын дене табы көтөрүлгөн

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2021 | 767 | 0

Кыргызстан коронавируска каршы вакциналарды 3 механизм менен алат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«COVAX» механизминин алкагында вакцинанын документтери жөнөтүлөт. Анда вакцина тууралуу кенен маалымат камтылат. Министрликтин алдындагы атайын илимий топ карап чыгып, сунуш берет. Анын негизинде иштейбиз. Вакциналарды лабороториялык текшерүүнүн кажети жок. Анткени ДССУ сунуштаган вакциналар гана алынат», — дейт Нурматов.

Анын айтымында, эмдөөгө калк салкын мамиле жасап жатат. Таажы илдетине каршы дары жок. Дарттан кутулуунун жалгыз жолу — эмдөө жүргүзүү. Көпчүлүк Кытайдын вакцинасына көңүл бурбай жатат. Бирок ДССУ 15тен ашык вакцинаны иликтөөдө, анын арасында кытайлык вакцина да бар.

Кытайдын «SinoPfarm» вакцинасын алгандардын 2%ынын дене табы көтөрүлсө, 72%ында баш оору байкалган. Калгандарынын абалы жакшы.

«SinoPhfarmдын» таасири — 73%.

«Вакцина менен организмге алсыздандырылган вирус кирет. Алар антителолорду пайда кылат. Кадимки вирус киргенде иммунитет бар болот. Вакцинаны сөзсүз түрдө алуу керек. Анткени ал өлүмдүн алдын алып, илдеттин жеңил түрдө өтүшүн камсыздайт», — дейт Нурматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM