Биз менен байланышыңыз

COVID-19: III толкунга даярдык эки этап менен жүрүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2021 | 834 | 0

COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдык эки этапка бөлүндү. Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, I этапта аймактарда жугуштуу оорулар бөлүмдөрү иштеп баштайт. Ал эми Бишкек шаарында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, №1 жана №6 бейтапкана иштеп жатат.  Мындан сырткары Улуттук кардиология борборунда да 48 койка ачылды.

Эгерде эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, II этапта адистештирилген ооруканалар иштеп баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM