Биз менен байланышыңыз

«Баткендеги аскерлердин кызматы — башка аймактардан кыйла жооптуу»

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 769 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев «Жоокерлердин энелери» комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Баткен облусунун аймагында кызматтык милдетин өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин жашоо-турмушу, мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан камкордуктар, алардын муктаждыктарын чечүү жана коопсуз шарттарды түзүү маселелерин сүйлөшүштү.

Өмүрбек Суваналиев өз сөзүндө Баткен облусу чек аралаш, стратегиялык мааниге ээ болгон аймак экенин белгилеп, аймактын өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук керектигин, Баткенде өз милдеттерин ак ниет аткарган, чыныгы мекенчил эр-азаматтар кызмат өтөрүн, алардын кызматы башка аймактарга салыштырмалуу жооптуу экенин белгиледи.

«Ар бир жоокер бакубат жана коопсуз жашоого татыктуу. Кандайдыр бир өз кызыкчылыгын көздөгөн күчтөрдүн айынан бир да жоокер жабыркабашы керек», — деп кошумчалады өкүл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM