Connect with us

Соң-Көл жайлоосунан төрт мезгил турист үзүлбөйт (сүрөттүү маек)

Кыска кабар , Экономика | 20 Апр 2021 | 4444 | 0

Кыргызстандын кайсыл аймагы болбосун, көргөндүн сугун арттырган сулуулугу, көз жоосун алган көркөмдүгү менен башка өлкөлөрдөн айырмаланып келет. Өлкөбүздүн дагы бир кереметине айланган Теңир-Тоонун Соң-Көл жайлоосу, андагы кыш кечи, кырдаалга карабай төрт мезгил бою агылган туристтер тууралуу кеп кылабыз.

Кыргызстандыктар соңку жылдары экотуризмди жакшы өздөштүрүүдө. Акыркы жылдарда жайлоо, тоо туризми, ат үстүндө саякат кеңири кулач жайгансыйт. Деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан Соң-Көл жайлоосуна туристтер арбын барат. Ал жакка кышкы туризмди алгачкылардан болуп уюштуруп, бул тармакта көп жылдан бери алектенип келе жаткан Руслан Тажиевдин атайын компаниясы экстримди сүйгөн туристтерге жакшы шарт түзүп берүүдө; алардын көксөөсүн, мүдөөсүн аткарууда.

Соң Көл жайлоосундагы кышкы кызыктар тууралуу Руслан Тажиев менен байланышып, сөзгө тарттык.

— Руслан мырза, сиз негиздеген компаниянын ишмердигинен сөз баштасак?

— Биздин компания 2016-жылы негизделген. 2017-жылдан 2019-жылга чейин туристтер менен тыгыз иш алып бардык. Өзгөчө 2019-жылы туристтердин агымы абдан көбөйгөн. Тилекке каршы, 2020-жылы өлкөдөгү пандемияга байланыштуу биздин иштер жүз пайыз токтоду. Жыл жаңыргандан бери туризм багыты кайра жанданганы байкалып жатат. Быйыл эле жети топ Соң-Көлгө келди. Акыркы мезгилде кышкы туризмге кызыккандардын саны абдан көбөйдү десем жаңылышпайм.

— Социалдык тармактагы баракчаларга жарыяланган сүрөттөр тууралуу айтсаңыз?

— Бул сүрөттөр ушул жылдын 13-15-апрель күндөрү Сөң-Көлгө жасаган турубузда тартылган. Франциядан келген Николас аттуу турист тарткан эмгек. Коногубуздун абдан жакшы тарткан фотоаппараты бар экен. Кечинде атайын сүрөттөрдү тартып, бизге көрсөттү. Биз дагы абдан таң калдык. Автордун уруксаты менен бул сүрөттөрдү жалпы коомчулукка жарыяладым.

— Жайкы туризм менен кышкы туризмдин айырмачылыгына токтолсоңуз?

— Туристтер Соң-Көлгө жайкысын түнкү жылдыздарды көрүү үчүн жана жайлоонун кооз табиятына суктануу үчүн келишет. Жайкысын ат оюндарын уюштуруу коопсуз. Ал эми кышкысын өтө коркунучтуу. Экстремалдык туризмге кирет. Кышкысын өзүнө ишенген, физикалык жактан күчтүү туристтер келет. Анткени Соң-Көлдүн аба ырайын жакшы билесиздер да. Бир күндө төрт мезгилди көрүүгө болот. Биздин тажрыйбалуу конокторубуз Соң-Көл аймагын жакшы билгендиктен, кышкы туризмди тандап алдык. Ушуга чейин туристтердин өмүрүнө бир ирет да коркунуч туудурган учур каттала элек.

 

— Жол азабы кооптондурса керек?

— Чындыгында туристтерди жол маселеси өтө кооптондурат. Ошондуктан биз үч күндүк ат турларын уюштурганбыз. Программабызга бир күндө үч сааттан ашык ат мингенге болбойт деп киргизгенбиз. Кызарттан тарта Килемчеге чейин үч саатта ат менен барышат. Ал жактан чабандардын үйүнө конушат. Туристтерге чабандардын күнүмдүк жашоосу абдан кызык. Ушул күнгө чейин Соң-Көлгө менин болжолдуу эсебимде төрт жүздөй турист барып келди. Бардыгы ийгиликтүү.

 

— Бир барганда канча турист барат?

— Ар кандай барышат. Кээде бир адам менен деле кете беребиз. Кээде он туристке чейин барат.

— Компанияда жалпысынан канча адам эмгектенет?

— Жай мезгилинде отуздан ашык атчан, сегизге жакын жатак боз үй, алтыдай унаа кызмат көрсөтөт. Ал эми чектеш айылдардын тургундары жүзгө жакын атын ижарага берет. Жыл жаңыргандан бери кайрадан туризм иши жанданып баштады. Кышкы туризмди өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Азыркы учурда материалдык-техникалык базабыз жетиштүү. Тажрыйбалуу конокторубуз бар. Тоого жана суукка чыдамдуу аттарыбыз даяр десем болот. Алдыдагы иштерге даярданып жатабыз. Эң негизгиси сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөй, көркөм кооздукту өз көзү менен көргүсү келген ар бир инсан менен кызматташууга даярбыз. «Миң уккандан бир көргөн» дейт го!

Маектешкен: Улукман Атабеков

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM