Биз менен байланышыңыз

Министр коррупция менен күрөштөн түшкөн каражат боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 755 | 0

Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков брифинг учурунда коррупция боюнча мамлекетке түшкөн каражаттар кайда сарпталып жатканын айтып өттү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депозиттик эсепке 2 млрд сомдон ашык акча түштү.

«Мамлекеттик органдар айтып жаткан 4 млрд сом кыймылсыз мүлк менен кошулуп айтылып жатат. 2 млрд сомдон бир аз ашык суммадагы каражаттын 1 млрд 836 млн сому медкызматкерлерге берилет. Белгилүү болгондой, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктеринин айлык акысы 100%га жогорулатылган. Ошондой эле стационарда иштеп жаткан медкызматкерлердин маянасын 1-июлдан баштап 50%га көбөйткөнбүз. Бул каражаттар айлык акы төлөөгө булак катары колдонулат», — дейт ал.

Кармышаков кошумчалагандай, депозиттик эсептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандардын үстөк пайызын төлөөгө 727 млн сом жумшалган.

Эскерте кетсек, негизги суммасы 100 миң сомдон ашпаган насыясы бар жарандарга декабрь, январь жана февраль айларында насыянын үстөк пайызын төлөөгө жардам берүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM