Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 726 | 0

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Западный» суу алган жайын жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 20-апрелде саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин Садыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта, анын ичинде Волков, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын аянтында ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Ошондой эле сууну өчүрүү Кызыл-Аскер районуна, 110-кварталга, Достук кичи районуна таасир этет.

Тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу «Бишкек жылуулук энерго» комуналдык ишканасы төмөнкү отказандарда жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болот:

• «КЭЧ-1» отказаны;
• «КЭЧ-2» отказаны;
• «Факел» отказаны;
• «БСМ» отказаны;
• №1- мектеп-интернаты;
• №705- аскер бөлүгү;
• №15- орто мектеби;
• №49- орто мектеби.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM