Биз менен байланышыңыз

Бакытбек Калмуратов үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 669 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Калмуратовдун баш коргоо чарасын карады.

Маалым болгондой, жактоочусунун өтүнүчү эске алынып, Калмуратов сот залынан үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратов 2020-жылы 19-октябрда кармалган. Алар аткезчилик иштерди чечүү үчүн жеке ишкерден пара алууга шектелип жатышат. 2021-жылы февралда Жамгырчиев мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтуруп, үй камагына чыгарылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM