Биз менен байланышыңыз

Facebook жана Instagram Садыр Жапаровдун уу коргошун боюнча билдирүүсүн өчүрдү

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1075 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы расмий баракчаларынан уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүлөрү өчүрүлдү.

15-апрелде өлкө башчысы коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуш кылган билдирүү жарыялаган. Бул ата мекендик дарыгерлер иштеп чыккан уникалдуу ыкма экенин айткан.

Андан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19дун экинчи толкунунда бейтаптар Ысык-Көл тамыры менен дарыланганын мойнуна алып, бирок ал жөнүндө сөз болбогонун билдирди.

Бирок бүгүн президенттин жазган билдирүүсү жок болуп кетти. Анткени Фейсбук клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны жарнамалоого тыюу салат. Президенттин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM